Асыл тукум мал сатып алууга кошумча 271 млн сом бөлүндү
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык чен менен кошумча 271 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу тиешелүү тескеме кабыл алынганын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Каражат фермерлерге “АБанк” жана “Элдик Банк” аркылуу жеңилдетилген насыя түрүндө берилет. Аны асыл тукум малдын ири мүйүздүү түрлөрүн, топоз, жылкы, кой жана эчкинин белгиленген породаларын сатып алууга пайдаланууга болот.
Насыя алуу үчүн фермерлер IDYIKAN тиркемеси аркылуу онлайн өтүнмө бере алышат. Ал үчүн тиркемеге “Түндүк” аркылуу кирип, “Кызматтар” бөлүмүндөгү “Агрокредиттөө” кызматынан тиешелүү багытты тандап, электрондук арызды толтуруу керек.
Жеңилдетилген насыя асыл тукум заводдорго, фермаларга, мал импорттоочуларга, техник-осеменаторлорго, фермердик чарбаларга жана жеке ишкерлерге берилет.