Жыл ичинде менингиттин 35 учуру катталды
Өлкөдө 2026-жылдын январь-октябрь айларында менингиттин 35 учуру катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35,2 пайызга аз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 54 учур катталган. Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калууда.
Менингококк инфекциясы аба аркылуу, негизинен, оорулуу адам менен жакын жана узак убакыт байланышта болгондо жугат. Оору көбүнчө кыш-жаз айларында, айрыкча февраль-май мезгилинде күчөйт. Ага 14 жашка чейинки балдар, өспүрүмдөр жана жаштар көбүрөөк дуушар болушат.
Оорунун негизги белгилери — дене табынын капыстан көтөрүлүшү, катуу баш оору, кусуу, алсыздык жана желке булчуңдарынын катып калышы. Айрым учурларда териде кан куюлууга мүнөздүү бүдүрлөр пайда болушу мүмкүн.
Министрлик дене табы көтөрүлүп, катуу баш оору же башка шектүү белгилер байкалса, дароо медициналык жардамга кайрылууну сунуштайт. Ошондой эле жайларды үзгүлтүксүз желдетип, жеке гигиенаны сактоо жана ооруп жаткан адамдар менен жакын байланыштан алыс болуу зарыл экенин эскертет.