Чек арачыларды тандоодо чет тилдерин билүү талабы коюлат
Мамлекеттик чек ара кызматы өткөрүү пункттарында иштөө үчүн англис жана башка чет тилдерин билген кызматкерлерди тандоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу ведомствонун жетекчиси Данияр Сатимов Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлер сынактын негизинде тандалат. Талапкерлерге бир катар шарттар коюлат. Алардын арасында чет тилдерин билүү жана бою 170 сантиметрден кем болбоосу каралган. Алгач долбоорду аба каттамдары боюнча өткөрүү пункттарынын биринде ишке киргизүү пландалууда.
Депутат Элвира Сурабалдиева бул демилгени колдоп, чек ара кызматынын кызматкерлери чет өлкөлүк конокторду алгачкылардан болуп тосуп аларын белгиледи. Анын айтымында, чет тилдерин билүү келген туристтер менен баарлашууну жеңилдетет.
Данияр Сатимов долбоорду ишке киргизүүгө тез арада даярдык көрүү зарылдыгын кошумчалады. Анын маалыматы боюнча, келерки жылы туристтердин агымы үч эсе көбөйөрү күтүлүүдө.