Салык кызматы: Өлкөгө күйүүчү май үзгүлтүксүз жеткирилүүдө

 Салык кызматы: Өлкөгө күйүүчү май үзгүлтүксүз жеткирилүүдө

Кыргызстан мунайзатка болгон ички керектөөсүн Россия, Кытай жана Түркмөнстандан келген күйүүчү майдын эсебинен толук камсыздап жатат. Өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгы жок. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында өткөн жыйынында маалым болду.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Мамановдун айтымында, күйүүчү май өлкөгө макулдашуулардын негизинде импорттолууда. Россиядан алып келүү учурдагы келишимдерге ылайык уланууда.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда мунайга болгон орточо айлык керектөө 160 миң тоннаны түзөт. Учурда бул көлөм толугу менен камсыздалууда. Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүүчүлөрдү субсидиялоо боюнча мамлекеттик программа да уланууда.

Күйүүчү майды импорттоо жана сатуу менен алектенген компанияларды колдоого мамлекеттик бюджеттен буга чейин 2,6 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Бул максатта республикалык бюджетте жалпысынан 11 млрд 389 млн сомдон ашык каражат каралган. Күйүүчү май жеткирүүчүлөрдү субсидиялоо программасы 2026-жылдын 25-майынан тарта иштеп, ушул жылдын 31-декабрына чейин уланат.

Связанный пост