“Дордой” базарынын салык төлөмдөрү 400 миллиондон 950 млн сомго чейин өстү
“Дордой” базарынан түшкөн салык төлөмдөрүнүн көлөмү 400 млн сомдон 900–950 млн сомго чейин көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” долбоорунун алкагында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
Анын айтымында, буга чейин базардагы ишкерлердин салык төлөө милдеттенмелерин аткарышын камсыз кылуу үчүн аларга үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин алып барууга туура келген.
“Мурда “Дордой” базарынан 400 млн сомго жакын салык түшчү. Азыр бул көрсөткүч 900–950 млн сомго жетти. Буга түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, салык маданиятын жогорулатуу жана жеңилдиктерди берүү аркылуу жетиштик”, — деди Шыкмаматов.