Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФдагы жарым-жартылай мобизилацияга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды. Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан Россия Федерациясында эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандардын тез арада чыгып кетүү зарылчылыгы тууралуу маалыматтар таркалып жатканына байланыштуу элчилик төмөндөгүлөрдү билдирет: “Россия Федерациясында жүргүзүлүүчү жарым-жартылай аскердик мобилизациялоо Россия Федерациясынын жарандарына гана тиешелүү. Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын […]Читать далее
Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Япониянын тышкы иштер министри Ёсимаса Хаясинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда министр Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга токтолуп, тажик тарабы бул жолу кыргыз жергесин ШКУнун саммити ѳтүп жаткан учурда […]Читать далее
Кечээ, 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев армян тараптын төрагалыгы алдында өткөн ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жыйынына катышты. КР ТИМден билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын күн тартиби боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин позицияларын координациялоо боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду. Министр Кулубаев жыйында сөз сүйлөп, Тажикстандын мыйзамсыз, чагымчыл жана деструктивдүү аракеттеринин […]Читать далее
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФнын аймагында убактылуу жашаган КР жарандарын согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуудан оолак болууга чакырды. “Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасы тарабынан Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн контракт түзгөн чет өлкөлүк жарандардын Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен алуусун караган мыйзам актыларынын кабыл алынышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги Россия Федерациясынын аймагында […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында биргелешкен кыргыз-түрк коргонуу ишканасын түзүү мүмкүнчүлүгү каралды
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия президентине караштуу Коргоо өнөр жай агенттигинин президенти Исмаил Демир менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу коргоо кызматташтыктын маселелери, анын ичинде, Кыргызстандын аймагында биргелешкен кыргыз-түрк коргонуу ишканасын түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселелери талкууланды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушту. Тараптар айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров ФАО менен ийгиликтүү өнөктөштүктү белгилеп, өлкөдө бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жаткан Уюм […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУ Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында БУУ Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтык, анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында пикир алышуу болду. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы реформаларды колдоо жана эл аралык демилгелерди иш […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тараптар кыргыз-катар эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана аларды өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президент Садыр Жапаров Катар мамлекети менен эки тараптуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы менен келечегин жана өз ара аракеттенүүнүн башка актуалдуу маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алмашышты. […]Читать далее
Кыргызстан менен Швейцариянын президенттери кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашты
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Швейцария Конфедерациясынын Президенти Иньяцио Кассис менен жолугушту. Мамлекеттер үчүн эки тарапка тең пайдалуу болгон бардык багыттар боюнча кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал талкууланды. Эки тараптуу кызматташтык тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров кыргыз тарап […]Читать далее