Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто ЖККУ ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

 Жээнбек Кулубаев Нью-Йоркто ЖККУ ТИМ башчыларынын жыйынына катышты

Кечээ, 21-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев армян тараптын төрагалыгы алдында өткөн ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жыйынына катышты.

КР ТИМден билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын күн тартиби боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин позицияларын координациялоо боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Министр Кулубаев жыйында сөз сүйлөп, Тажикстандын мыйзамсыз, чагымчыл жана деструктивдүү аракеттеринин натыйжасында кескин начарлап кеткен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалга токтолду.

Кулубаев БУУнун уставында жана ЕККУнун корутунду актысында, ошондой эле башка эл аралык документтерде бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутпоо сыяктуу фундаменталдык эл аралык принциптер одоно түрдө бузулганын белгиледи.

“Министр тажик тарапты 1991-жылдын 8-декабрындагы КМШ түзүү жөнүндө макулдашуунун жана 1991-жылдын 21-декабрындагы Алма-Ата декларациясынын алкагында аймактык бүтүндүктү жана учурдагы чек аралардын кол тийбестигин сыйлоо боюнча эл аралык милдеттенмелерди сактоого чакырды.

Мындан тышкары, Армениянын уюмда төрагалык кылган учурда ЖККУ ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин үстүбүздөгү жылдын төртүнчү кварталында боло турган сессиясына даярдыктын жүрүшү боюнча талкууланды.

Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кыргызстандын эл аралык демилгелерин жарыялады. Тактап айтканда, ал быйыл кыргыз тарап БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын 2023-2027-жылдарды «Тоолорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы» жана «Куралсыздануу жана таркатпоо үчүн маалымдуулуктун эл аралык куну» деп жарыялоо боюнча резолюцияларынын долбоорлорун алдыга жылдырып жатканын билдирди.

Ошондой эле ал Кыргызстан 2023-2025-жылдарга БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлигин койгондугу тууралуу маалымдап, катышуучулардан аталган демилгелерди колдоону суранды.

Связанный пост