Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Джозеф Байден Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады. “Америка элинин атынан Кыргыз Республикасын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасы биргелешип көп нерсеге жетишти, бирок мен биздин эң сонун күндөрүбүз али алдыда деп ишенем. Ушул татаал мезгилде эки тараптуу байланыштарды […]Читать далее
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады “Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата менин эң жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүп жатат. Ар түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуу, ЕврАзЭС, ЖККУ, […]Читать далее
СССРдин биринчи президенти Михаил Горбачев 92 жашында каза болду. Бул тууралуу ТАСС кабарлайт. Маалыматка ылайык, Михаил Сергеевич Горбачев кечээ кечинде катуу жана узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. Белгилей кетсек, Михаил Горбачев Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти. Ал 1990-жылдын мартында президенттикке шайланып, 1991-жылдын 25-декабрында отставкага кеткен. Нобель сыйлыгынын лауреаты. Горбачев президенттиктен кеткенден кийин коомдук […]Читать далее
26-августта Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын жогорку окуу жайларында окуп жаткан Кыргызстандык студенттер жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда элчи Т.Кушчубеков Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы элчиликтин учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүү аспектилерине кыскача токтолду. […]Читать далее
Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги 26-августтан 6-сентябрга чейин боло турган Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитети тарабынан уюштурулган “Анадолу күндөрү” аттуу 24-Эл аралык маданият жана искусство фестивалына катышууда. Салттуу фестивалга катышуу үчүн, Элчилик Кыргызстандын байыркы тарыхын, бай маданиятын жана кооз жаратылышын чагылдырган фотосүрөттөр, «Манас» эпосунан фотокомпозициялар, элибиздин салттуу турмушун чагылдырган түрдүү буюмдар жана улуттук тамак-аштар коюлган көргөзмө павильонун ачты. Ошондой […]Читать далее
Кечээ, 24-августта Өзбекстандын Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекистандын коргоо министрлери катышты. Отурумдун жүрүшүндө коргоо ведомстволорунун жетекчилери эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашты. Ошондой эле коргоо жана […]Читать далее
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 17-жолугушуусуна катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти. Ошону менен бирге Марат Иманкулов Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Өзбекстан Республикасынын президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Виктор Махмудов жана Монголиянын Улуттук коопсуздук […]Читать далее
15-19-августта КР экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Стамбул шаарында Түрк мамлекеттеринин уюмунун Инвестициялык фондун түзүү маселесин изилдөөнүн алкагында жогорку кызмат адамдарынын кезектеги жыйынына катышты. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында капиталдаштыруу, директорлор кеңеши, башкы директор, укуктук статусу, структурасы, башкаруу схемасы боюнча келишимдин долбооруна киргизилген негизги маселелер талкууланууда. Бул Инвестициялык фондду түзүүнүн максаты – […]Читать далее
Бүгүн, 17-августта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркия Республикасына болгон иш сапарынын жана Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун 5-жыйынынын алкагында Түрк мамлекетинин негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн күмбөзүнө барды. Тарыхый-маданий комплексте Ж.Кулубаев Даңк аллеясы менен Ататүрктүн күмбөзүнө барып, анын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Түркия Республикасынын биринчи президентинин урматына бир мүнөттүк эскерүү менен таазим этти. Ошондой эле, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баку шаарына (Азербайжан Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында органикалык, минералдык жана био жер семирткичтерди, ошондой эле топурак микроорганизмдерин өндүрүүчү «AqriBioEkoTex LLC» компаниясынын иши менен таанышты. Түшүмдүүлүктү жогорулатуу жана жер кыртышынын эрозиясына каршы күрөшүү жаатындагы кызматташгуу боюнча пикир алышуу жүрдү. Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт […]Читать далее