Кыргызстан жана Япония ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

 Кыргызстан жана Япония ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Япониянын тышкы иштер министри Ёсимаса Хаясинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда министр Кулубаев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга токтолуп, тажик тарабы бул жолу кыргыз жергесин ШКУнун саммити ѳтүп жаткан учурда соккуга алганын ѳкүнүч менен билдирди.

“Натыйжада Кыргызстандын 140 миңге жакын жараны жашаган жеринен качууга мажбур болушту. Кыргыз тарабы оор адам жоготууларына дуушар болду. Социалдык инфратүзүм объектилери, анын ичинде былтыркы апрелдеги коогалаңдан кийин кайра тургузулгандары да кыйроого учурады. Кыйроолордун кесепетинен Кыргызстан ѳлкѳнүн бюджетинен ири каражаттарды бѳлүүгѳ аргасыз болуп жатат”, – деди ал.

М