Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту

 Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту
 22-сентябрда Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту.
Министр Ж.Кулубаев кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар боюнча маалымат берди.
Өз кезегинде Э.Блинкен кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирип, дипломатиялык аракеттер аркылуу тынчтыкка жана туруктуулукка жетишүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу күн тартибинин алкагында, аймактык платформаларда, анын ичинде «Борбордук Азия + Америка Кошмо Штаттарынын» ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун айрым маселелерин талкуулашты.

Связанный пост