Президент Жапаров Катардын эмири менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады

 Президент Жапаров Катардын эмири менен кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулады

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тараптар кыргыз-катар эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана аларды өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Катар мамлекети менен эки тараптуу кызматташуу активдүү өнүгүп жатканын жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ачыктыгын айтты.

Ал артыкчылыктуу багыттарды жана кыргыз тараптын биргелешкен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө даярдыгын канааттануу менен белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу агрессия боюнча да пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып кирип, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгонун баса белгиледи.

Садыр Жапаров тажик тараптан түзүлгөн кырдаал орду толгус жоготууларга алып келгенин белгиледи.

Өз кезегинде Тамим бин Хамад Аль Тани акыркы окуялардан улам, зарылчылык болсо Кыргызстанга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Ал ошондой эле катар тараптын Кыргызстан менен натыйжалуу кызматташууну жогорулатууга даярдыгын билдирди.
Мындан тышкары, Тамим бин Хамад Аль Тани Президент Садыр Жапаровду Катарга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Связанный пост