Садыр Жапаров БУУ Өнүктүрүү программасынын администратору Штайнер менен жолугушту

 Садыр Жапаров БУУ Өнүктүрүү программасынын администратору Штайнер менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУ Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында БУУ Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтык, анын ичинде айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жаатында пикир алышуу болду. Ошондой эле Кыргыз Республикасындагы реформаларды колдоо жана эл аралык демилгелерди иш жүзүнө ашыруу маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров климаттын глобалдык өзгөрүшү, коронавирус инфекциясы пандемиясы жана башка факторлордун натыйжасында экосистеманы сактоо боюнча көптөгөн максаттар, жакырчылыкты жана ачарчылыкты жоюу, экономикалык өсүштү колдоо маселелери толук аткарылбай калуу коркунучуна кабылганын белгилеп, БУУ Өнүктүрүү программасынын долбоордук ишмердүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстанды экономика, азык-түлүк коопсуздугу жана туруктуу өнүктүрүү жаатында, өзгөчө, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жагынан колдоо программасын ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мөңгүлөрдүн ыкчам эрип жаткан көйгөйүн чечүү боюнча чаралар көрүлүп, тоо экосистемасын коргоо боюнча программалар ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы Кыргызстан тарабынан демилгеленген 2023-2027-жылдарды тоолорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө резолюциянын кабыл алынышынын, ошондой эле өлкөнүн парник газдарынын эмиссиясын кыскартуу боюнча максаттарына жетүүсү үчүн эл аралык колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров тажик тараптын баскынчылыгынын натыйжасындагы 59 адамдын өмүрүн алган, социалдык жана жарандык инфратүзүмдөр талкаланган кайгылуу окуяларга көңүл буруп, өлкө үчүн ушул оор күндөрдө колдоо жана чукул жардам көрсөтүүсү үчүн БУУнун Өнүктүрүү программасына ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Аким Штайнер Уюм менен Кыргызстандын 30 жылдык биргелешкен үзүрлүү кызматташтыгын белгилеп, Мамлекет башчысына жолугушуусу үчүн ыраазычылыгын айтты.

Ал кызматташтыктын мындан аркы векторлорун аныктоо үчүн өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарын билүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Аким Штайнер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы болуп өткөн окуянын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Садыр Жапаровго көңүл айтып, кырдаалдын тез арада жөнгө салынышын каалады.

Жабыркаган райондордогу социалдык объектилерди калыбына келтирүүдө колдоо көрсөтүүгө даяр экенине токтолду.

Мындан тышкары, БУУнун Өнүктүрүү программасынын Администратору Кыргызстан менен “жашыл экономика” маселелери боюнча кызматташууну тереңдетүүнү сунуштап, кыргыз тарап менен натыйжалуу кызматташууну улантууга ниети бар экенине ишендирди.

Тараптар кызматташтыкты тереңдетүү жана өз ара аракеттенүү келечеги тууралуу макулдашты.

Связанный пост