Бишкекте А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында “Манас” үчилтигинин англис тилине которулган китебинин бет ачар аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, үчилтик англис тилине Америка Кошмо Штатынын жараны, Монтана мамлекеттик университетинин магистранты Акылай Байматова тарабынан Мар Байжиевдин хрестоматиялык варианты боюнча которулган. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт […]Читать далее
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында 1,2 миң мектепке жана 8 педагогикалык колледжге компьютердик класстар үчүн эмеректерди жеткирип жатат. Билим берүү министрлигинен билдиргендей, 1,2 миң мектептин ар бирине – 15 стол, 15 стул, процессор үчүн 15 тумба берилет. Ал эми 8 педагогикалык […]Читать далее
2022-жылдын 10-августу саат 14:00гө чейин жүргүзүлө турган IV турда гранттык негизде – 608, келишимдик негизде – 66321 бош орун бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайыу, Жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагынын I туру 18-июлда башталса, II тур 25-июлдан 27-июлга чейин өттү. Ал эми III тур 1-августта башталып, […]Читать далее
Кыргызстанда окуу жылы 1-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы №425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна ылайык, республикада билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгынын оптималдуу мөөнөттөрү белгиленгендигин билдирет. “Ошентип, жалпы билим берүүчү […]Читать далее
Учурда Ош шаарындагы мектептерде мугалимдер жетишсиз. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Тактап айтканда, 200гө жакын бош орун бар, анын ичинен 7 орун мамлекеттик тилде окуткан мектептерде, 188 орун орус тилинде билим берген мектептерде. Мектептердеги бош орундардын тизмеси: 1. Башталгыч класстардын мугалимдери – 47 адис (орус тилдүү мектептерде). 2. Орус тили жана адабияты мугалимдери […]Читать далее
Биринчи май районунун “Мектеп Лигасынын” жаш жеңүүчүлөрү Ысык-Көлгө жөнөштү “Университет” пансионатына 82 окуучу №29, 69, 81, 24 мектептердин, №1 А. Каниметов атындагы Бишкек мектеп-интернат-гимназиясынын жана №61 Е.Б. м атындагы автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучулары жөнөп кетишти. Эскерте кетсек, Мектеп лигасы борбордун 4 районунун арасында, 17-январдан 20-майга чейин райондук администрациялар менен биргеликте өткөрүлгөн. Тандоо 2 […]Читать далее
Ош шаарынын “Курманжан-Датка” МАБында Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан “Балажан” бала бакчасынын 120 орундуу кошумча имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жер төлөөсүн куруу иштери аяктап, мамычаларды бекемдөө боюнча иштер аткарылып, биринчи кабаттын дубалын куруу башталды. Бекитилген график боюнча иш башталгандан 9 ай өткөндөн кийин объект […]Читать далее
2022-жылдын 1-августунан тарта Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейине кабыл алуу иш-чаралары башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, билим берүү мекемелеринен 9-классты бүтүргөн, медициналык кароодон өткөн абитуриенттер дене тарбиялык даярдыгы боюнча сынактардан өтүшөт. Ошондой эле жалпы билим берүү сабактары боюнча тест тапшырышат. Белгиленгендей, тест компьютердик тестирлөө методу менен өтөт. Сынактын […]Читать далее
Президенттин “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгына ылайык Республика боюнча сынак өткөрүлүп, ага 44 район жана 30 шаар катышты. Сынактын жыйынтыгында Свердлов районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин тарбиячылары жана мугалимдери 1-орунга ээ болушту. Өз кезегинде Свердлов райондук администрациясынын кызматкерлери, акимдин биринчи орун басары Руслан Бекназаров мугалимдерге жана тарбиячыларга терең ыраазычылык билдирип, мугалимдерге Ардак грамоталарды тапшырышты. Сынактын […]Читать далее
Мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурс жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Конкурска төмөндөгү квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргызстандын жарандары катыша алат: – жогорку педагогикалык билими жана жети жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы барлар; – атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар (майыптыгы […]Читать далее