Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректорунун кызматына сынак жарыяланды
![Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректорунун кызматына сынак жарыяланды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/12/319406512_813929436374088_6328252564346196974_n-850x560.jpg)
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору бош кызмат ордуна сынак жарыялайт.
ЖОЖдун ректору кызматына квалификациялык талаптар:
1) жогорку кесиптик билим;
2) окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын болушу (илимдин кандидаты/доктору, доцент);
3) илимий же илимий-педагогикалык иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес.
Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2022-жылдын 13-декабры.
Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2022-жылдын 26-декабры саат 18:00