Чүй облусунда алты мектеп карантинге жабылды

 Чүй облусунда алты мектеп карантинге жабылды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда окуучулар арасында курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоонун күчөшүнөн улам алты мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, төмөнкү мектептер убактылуу жабылды:
– Жогорку Ала-Арча орто мектеби;
– Төмөнкү Ала-Арча орто мектеби;
– №1 орто мектеп;
– №2 орто мектеп;
– Ж.Бердыбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектеп.

Связанный пост