Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылды

 Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылды

Кыргызстанда 509 мектеп жана 168 бала бакча карантинге жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирди.

“Бүгүнкү күндө өлкө аймагындагы 2 миң 357 мектептин ичинен 509у (21,5 пайызы) карантинге жабылып, онлайн режиминде билим берүүгө өттү. Ал эми 1 миң 510 бала бакчанын ичинен 168и (9,8 пайызы) карантинге кетти”, – дейт ал.

Жер-жерлер боюнча алганда:

Баткенде 1 бала бакча карантинге жабылды;
Ош облусунда 1 мектеп;
Чүй облусунда мектептер толугу менен, 49 бала бакча;
Ысык-Көл облусунда 3 мектеп, 19 бала бакча;
Талас облусунда мектеп, бала бакчалар толугу менен жабылды;
Нарын облусунда 4 бала бакча;
Жалал-Абад облусунда 10 мектеп, 19 бала бакча;
Ош шаарында 10 мектеп;
Бишкек шаарында 40 мектеп.

Связанный пост