Кытайдын ЖОЖдорунда гранттык негизде окууга сынак узартылды
![Кытайдын ЖОЖдорунда гранттык негизде окууга сынак узартылды](https://eltr.kg/wp-content/uploads/2022/12/vuzy-kitaya-na-anglii-skom-yazyke-500x333-1.jpg)
2023-2024-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн бакалавриат, магистратура, докторантура программалары жана тил такшалмасы боюнча стажировка өтүү үчүн сынакка катышууга өтүнмөлөрдү жана документтерди кабыл алуу 2022-жылдын 15-декабрына чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, каалоочулар http://student.edu.gov.kg/ онлайн системасындагы “2023-2024-окуу жылында Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу” бөлүмүнө катталып, формаларды толтуруп, ошондой эле талап кылынган бардык документтерди жүктөшү керек.
Шарттар жөнүндө толугураак – https://edu.gov.kg/announcements/165/