Бакудагы эл аралык олимпиадада Кыргызстандык окуучу күмүш медаль утту

 Бакудагы эл аралык олимпиадада Кыргызстандык окуучу  күмүш медаль утту

Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу Федор Корнияш “Таланттарды даярдоо лабораториясы” аталышындагы математика, физика жана химия боюнча V эл аралык жаштар олимпиадасында күмүш медалга ээ болду.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 11-декабрдан 13-декабрга чейин Баку шаарында өткөн олимпиадага Кыргызстандан үч окуучу катышты:

-Атай Озокеев – Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 9-классынын окуучусу;

-Санталат Орозбаева – Лейлек районундагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу;

-Федор Корнияш – Е.Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин окуучусу.

Олимпиаданын жыйынтыгында Федор Корнияш күмүш байгеге татыды. Өткөн жылы Федор Корнияш “Таланттарды даярдоо лабораториясы” олимпиадасында коло медаль алган. Аны олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.

Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова олимпиаданын жеңүүчүсү Федор Корнияшга министрликтин белектерин тапшырды.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын окуучулары бул олимпиадага бешинчи жолу катышууда. Кыргызстандын курама командасы жалпы бир күмүш жана үч коло медаль жеңген.

Связанный пост