Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты. Ведомстводон билдиришкендей, буйрукка ылайык, 25-26-октябрда Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун мектепке чейинки, мектептик, башталгыч кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан окуу сабактарын онлайн форматта уюштуруу милдеттендирилет. Белгилей кетсек, бул күндөрү Бишкекте Шанхай кызматташтык […]Читать далее
2021-жылы курулуп башталган мектеп бүткөрүлүп, колдонууга берилди. Ноокат районунуна караштуу Кыргыз-Ата айыл аймагынын Кургак-Тектир айылындагы мектебинин курулушу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, кубаттуулугу 190 орунга ылайыкталган. Мектепте замандын талабына жооп берген компьютердик класс, жөнөкөй кабинеттерден сырткары атайын физика, биология, химия кабинеттери жана лабораториялар бар. Окуучулар үчүн кол эмгек жана ар түрдүү кружокторду өткөрүү үчүн чоң […]Читать далее
Бүгүн, 16-октябрда Нарында окуучулар үчүн жаңы мектеп эшигин ачты. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл Жылдыз айылындагы К.Акыев атындагы билим уясын куруу иштери 2016-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Мектеп 2 кабаттуу 2 окуу корпусунан туруп, 225 орунга ылайыкташтырылды. Бүгүнкү күндө мектептин курулуш-монтаждоо иштери жана спорт зал корпусу толук бүткөрүлдү. Мектептин айланасын жашылдандыруу жумуштары да […]Читать далее
ОшМУнун базасында өтүп жаткан Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун III форуму пленардык отурумдар менен башталды. Мында “Заманбап университеттердеги илим жана инновациялар”, “ЕАЭБдын экономикасын өнүктүрүү үчүн кадрларды даярдоо” , “Келечектин педагогикасы: окутуунун жана тарбиялоонун жаңы ыкмалары” темаларынын баяндамалар окулуп, талкуулар орун алды. Форумдун жүрүшүндө эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда 51 келишим түзүлдү. Анын ичинен 10 университет: Б.Н. Ельцин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун III форуму Ош мамлекеттик университетинин базасында өтүп жатат. Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, жогорку окуу жайларынын 100дөн ашуун ректорлору катышууда. Жыйын билим берүү жана илим тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын негизги багыттарын, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тутумун биргелешип даярдоо жана интеграциялоо маселелерин талкуулоо жана Евразия […]Читать далее
Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин саммити өткөрүлүшүнө байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуу сабактарын онлайн форматта өткөрүү жөнүндө” буйругу чыкты. Буйрукка ылайык, Бишкек шаарындагы мектепке чейинки, мектептик, башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан 2023-жылдын 12-13-октябрында окуу сабактарын онлайн форматта уюштуруу тапшырылды. Борбор калаанын мэриясынын билим […]Читать далее
6-октябрда Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева «Кыргызтелеком» ачык акционердик коомунун башкы директору Нурлан Мадаминов, коммерциялык директору Кубанычбек Баратбаев жана техникалык директору Мырзабек Шадыбеков менен жолугушту. Тараптар алыскы аймактардагы мектептерди интернет менен камсыздоо, интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу, Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтык тутумуна кирүү үчүн локалдык тармакты жана Wi-Fi тармагын түзүү жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Каракол шаарындагы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жогорку билими бар жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоону андан ары өнүктүрүү жана өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда жогорку билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат: 1. Каракол шаарында М.В. […]Читать далее
4-октябрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоордук блогунун аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Андрей Широков жана Фонддун Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу өлкөлүк өкүлү Кубат Мурзаев менен жолугушту. Тараптар Кыргыз Республикасында орус тилдүү жалпы билим берүүчү 9 мектептин курулушу жана Техникалык тапшырмаларды даярдоо маселесин талкуулады. Догдуркүл […]Читать далее
Жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет, ал Дүйнөлүк мугалимдер күнү катары 1994-жылы негизделген. Ушул күндү майрамдоо өсүп келе жаткан муундун билим алуусуна жана тарбиялоого кошкон салымы үчүн дүйнөнүн мугалимдерине сый-урмат жана ыраазычылык билдирүүнүн символу болуп калды. 2014-жылы Өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган. 2022-жылы […]Читать далее