Илим чөйрөсү 12 жылдык билим берүүнү талкуулады

 Илим чөйрөсү 12 жылдык билим берүүнү талкуулады

29-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрүнүн, жогорку окуу жайлардын илимий иштер боюнча проректорлорунун, окумуштууларынын оффлайн жана онлайн форматында катышуусунда “Он эки жылдык билим берүү: дүйнөлүк тенденциялар жана илимий негиздөөлөр” аттуу тегерек стол өттү.

 

Тегерек столдо республикада 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүнүн келечеги, бул системанын кесиптик билим берүүгө тийгизген таасири, он эки жылдык билим берүүнүн артыкчылыктары, дүйнөлүк практика жана бул багытта биздин өлкөнүн шартына ылайыкташтыруу менен иш алып баруу боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Связанный пост