КР менен РФнын ортосунда башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жана окутуу системасын өнүктүрүү боюнча Жол картасына кол койулду

 КР менен РФнын ортосунда башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жана окутуу системасын өнүктүрүү боюнча Жол картасына кол койулду

Пятигорск шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов башталгыч жана орто кесиптик билим берүү жана окутуу системасын өнүктүрүү боюнча Жол картасына кол койду.

 

Жол карта Кыргызстанда россиялык билим берүү уюмдарынын филиалдарын ачуу, Россияда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын россиялык иш берүүчүлөрдүн квалификациялык талаптарына ылайык окууга жиберүү, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын кызматташтыгы сыяктуу иш-чараларды камтыйт.

 

Белгилей кетсек, 27-марттан 30-мартка чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жетектеген делегация Россия Федерациясынын агартуу министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Пятигорск шаарындагы “ПРОдиалог” семинар-кеңешмесине катышты.

Связанный пост