Кыргызстанда дагы кыска мөөнөттүү төрт бала бакча ачылды

 Кыргызстанда дагы кыска мөөнөттүү төрт бала бакча ачылды

Кыргызстанда дагы кыска мөөнөттүү төр бала бакча ачылды, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы.

Бала бакчалардын үчөө Чүй облусунун Жайыл районунда, бирөө Москва районунда жайгашкан.

Жайыл районундагы бакчалар балдар чыгармачылык үйүнүн жана балдар бакчаларынын базасындагы түзүлдү. Алардын бири 50 балага ылайыкталса, калган экөө 200 бөбөктү камтый алат.

Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Жайыл районунда жалпы кыска мөөнөттүү 15 бала бакча түзүлсө, Москва районунда 16 бакча ачылат.

Бакчалардын ачылуу аземине Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова, Жайыл районунун акими Түркбаев Төрөгөлди, Кара-Балта шаарынын мэри Джекшенов Мирлан жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, бала бакча жетекчилери жана ата-энелер катышты.

“Келечек үчүн билим берүү” жана “Окутуунун негиздерин бекемдөө” долбоорлорунун алкагында Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 500 бала бакча жана 60 өнүктүрүү борбору түзүлөт. Алар аркылуу 3-5 жаштагы 40 миңдей бала мектепке чейин билим алууга тартылат.


Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес. Мындай бала бакчалар экономикалык жактан үнөмдүү жана 3 сааттык болгондугуна байланыштуу эки нөөмөт менен эки эсе көп баланы камтый алат.

Эскерте кетсек, 2016-2018-жылдары министрлик өлкө боюнча кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачкан. Алар учурду ийгиликтүү иштеп келет.

Связанный пост