Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук инструменти кабыл алынды

 Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук инструменти кабыл алынды

Бүгүн, 26-мартта Бишкекте өткөн тегерек столдо буга чейин иштелип чыгып, апробациядан өткөн Баланын эрте өнүгүүсүн баалоо боюнча улуттук инструмент талкууланды.

 

Тегерек столдо улуттук инструменттин материалдары талкууланып, изилдөөнү өткөрүү боюнча мындан кийинки кадамдар пландалды.

 

Долбоордун консультанттары баланын эрте өнүгүүсүн баалоо куралынын бардык структуралык түзүмдөрүн презентацияды: БЭӨБ боюнча матрица, балдардын өнүгүү картасы, балдардын өнүгүү картасын толтуруу боюнча диапозондор (баллдардын санын аныктоо критерийлери) менен, таблицасы бар колдонмо жана дидактикалык материалдар, директор үчүн, мектепке чейинки билим берүү педагогу үчүн, баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлдөрү үчүн сурамжылоо, инструмент боюнча балдардын өнүгүү картасын толтуруу боюнча кыскача нускама, ресурстарды жана материалдарды текшерүү тизмеси, педагогдорду окутуу модулу.

Связанный пост