Коом

«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары аныкталды

«Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары аныкталды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Мындай чечим “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген заводунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында кабыл алынды. Анын негизинде «КР Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык КР […]Читать далее

Коом

Асель Чынбаева: Мындан ары балдарга зомбулук көрсөткөндөр өмүр бою эркинен

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына КР Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР мыйзамына кол койду. Бул мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан […]Читать далее

Коом

Сузактын Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы пара менен кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Т. жана мурдагы чарба башчысы А.А. опузалап пара алуу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 4-августта Сузак районунун прокуратурасына И.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда май жана июнь айларында Багыш айыл өкмөтү тарабынан билим […]Читать далее

Коом

Ош облусунда аз камсыз болгон 350 үй-бүлөгө 100 миң сомдон

Бүгүн, 12-августта Ош облусунда министрлер кабинетинин “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомунун ишке ашуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди. Маалыматка ылайык, жыйынга облус башчысы Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басары Эрнис Толтоев жана аппараттын тиешелүү бөлүм башчылары катышты. Жамалдинов Ош облусунун аймагындагы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү өз алдынча […]Читать далее

Коом

Элчи Уланбек Тотуяев Пакистандын Коммерция министри менен жолугушту

 11-августта Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министри Сайед Навид Камар менен жолугушуп, кыргыз-пакистан кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, инвестициялык жана техникалык кызматташууну талкуулашты. Тараптар соода жүгүртүүнү көбөйтүүдө биргелешкен жигердүү иштерди жүргүзүүнүн, ошондой эле айыл чарба, тоо-кен, фармацевтика жана текстиль өнөр жайы, энергетика, өнөр жай жана туризм сыяктуу тармактарда […]Читать далее

Билим

Эдил Байсалов “KOICA-2022” программасынын стипендиаттары менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “KOICA-2022” стипендиялык программасынын стипендиаттары менен жолукту. Жолугушууга ошондой эле президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирбек Кожоев, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ, KOICA`нын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Джонгсу, […]Читать далее

Коом

Камчыбек Ташиев Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал өз сөзүндө тутумдун кызматкерлери кесиптик кыйынчылыктарга карабастан өздөрүнүн милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып жатышканын белгиледи. “Өлкөнүн жетекчилиги Кыргызстандын калкынын жашоосу үчүн жагумдуу шарттарды түзүүгө, улуттук коопсуздукту камсыздоого жана өлкөнүн тынчтыгын жана бүтүндүгүнө кошкон […]Читать далее

Коом

Бишкектин бир катар көчөлөрү бир тараптуу болот

Бишкек шаарынын мэриясы көчөлөрдүн айрым тилкелеринде бир тараптуу кыймылды уюштуруу чечимин кабыл алды. Бир тараптуу кыймыл төмөнкү көчөлөрдө пландаштырылууда: – Шопоков көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта); – Панфилов көчөсү Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин (түндүк багытта); – Логвиненко көчөсү Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин (түштүк багытта). Бул чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында […]Читать далее

Коом

Бишкек мэриясы гранттык каражатка курулуп жаткан жолдор менен тааныштырды

Мэр Эмилбек Абдыкадыров жетектеген Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү Кытайдан келген гранттык каражатка курулуп жаткан жолдор менен тааныштырды. Муниципалитеттен билдиришкендей, Турусбеков көчөсүндө Ташкент көчөсүнөн Боталиев көчөсүнө чейин оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жолдун жалпы узундугу 2340 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы эки тарабында 1,5-2,25 метрди түзөт. Панфилов көчөсүндө Медеров көчөсүнөн ЧЧКга чейин курулуш […]Читать далее

Коом

Быстровка-Токмок жол кыйгамасында темир-бетон шпалдарын төшөө иштери жүрүүдө

Быстровка-Токмок жол кыйгамасында  темир жолдун 3870-чакырымында эскилиги жеткен жыгач шпалдардын ордуна темир-бетон шпалдарын Фоссло бекиткичи менен алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.  1 чакырым темир жолго 1680 даана темир-бетон жана 160 жыгач  шпалдар төшөлдү. Жыгач шпалдар кыймылдуу составдын дөңгөлөктөрүнүн соккусун жумшартуу үчүн эки рельстин бириктирилген  жерине коюлат. Жолдун үстүңкү түзүлүшүн  жаңылоонун алкагында Фоссло бекиткичтери менен темир-бетон шпалдарын төшөө менен […]Читать далее