Быстровка-Токмок жол кыйгамасында темир-бетон шпалдарын төшөө иштери жүрүүдө

 Быстровка-Токмок жол кыйгамасында темир-бетон шпалдарын төшөө иштери жүрүүдө

Быстровка-Токмок жол кыйгамасында  темир жолдун 3870-чакырымында эскилиги жеткен жыгач шпалдардын ордуна темир-бетон шпалдарын Фоссло бекиткичи менен алмаштыруу иштери жүргүзүлдү.

 1 чакырым темир жолго 1680 даана темир-бетон жана 160 жыгач  шпалдар төшөлдү. Жыгач шпалдар кыймылдуу составдын дөңгөлөктөрүнүн соккусун жумшартуу үчүн эки рельстин бириктирилген  жерине коюлат.

Жолдун үстүңкү түзүлүшүн  жаңылоонун алкагында Фоссло бекиткичтери менен темир-бетон шпалдарын төшөө менен темир жолду оңдоонун жаңы ыкмалары киргизилген.  Бул чечим жол инфратүзүмүн иштетүү убактысын көбөйтүүгө жана темир жол транспортунун коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Бир бетон шпалдын салмагы 260 килограммга жакын. Жумуштар 9-августтан 12-августка чейин жүргүзүлөт, филиалдан 130 жумушчу, 7 даана техника тартылган.

Связанный пост