Асель Чынбаева: Мындан ары балдарга зомбулук көрсөткөндөр өмүр бою эркинен ажыратылат

 Асель Чынбаева: Мындан ары балдарга зомбулук көрсөткөндөр өмүр бою эркинен ажыратылат

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына КР Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР мыйзамына кол койду. Бул мыйзам балдарды коргоо жаатында реформаларды ишке ашыруунун алкагында кол коюлган жана жыныстык кол тийбестигин коргоого болгон укуктарын, ошондой эле балдардын өмүрүн жана ден соолугун кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылууга багытталган. Бул тууралуу КРнын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева билдирди.

Анын айтымында, аталган өзгөртүү ошондой эле зордуктоо, зомбулук аракеттер, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо, адепсиз жоруктар, ошондой эле 14төн 18ге чейин жашы жете элек балага карата сойкулукка тартуу боюнча эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартуудан бошотууну жокко чыгарат.

“Кылмыш-жаза мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен соттор балдарга карата зомбулук кылгандарды өмур бою эркинен ажырата алат. Мурда мындай кылмыш үчүн эң жогорку жаза 15 жылга эркинен ажыратуу болгон. Бул бизге кылмыш-жаза жоопкерчилигинин нормасын катаалдаштырууга мүмкүндүк берген өзгөртүүлөр жана толуктоолордун негизги учуру”, – деди ал.

Чынбаева мыйзам расмий жарыяланган кийин толук кандуу күчүнө кирерин жана укук коргоо органдары, сот органдары аталган норманы жетекчиликке аларын кошумчалады.

Мындан тышкары, ал белгилегендей, дагы бир жаңычылдык бар – бул Кылмыш-жаза кодексине киргизилген толуктоолор, анда мындан ары баланын руханий жана адеп-ахлактык ден соолугуна каршы кылмыш үчүн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулбайт.

“Мен негизинен мыйзамдар заманбап жана актуалдуу. Акыркы убактарда балдарга карата зомбулук күчөп жатат, ошондуктан жаза нормаларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы келип чыкты”, – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Связанный пост