Ош облусунда аз камсыз болгон 350 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

 Ош облусунда аз камсыз болгон 350 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Бүгүн, 12-августта Ош облусунда министрлер кабинетинин “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомунун ишке ашуу боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынга облус башчысы Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басары Эрнис Толтоев жана аппараттын тиешелүү бөлүм башчылары катышты.

Жамалдинов Ош облусунун аймагындагы аз камсыз болгон үй бүлөлөрдү өз алдынча иш менен камсыз кылууга, турмуштук оор кырдаалдан чыгуу боюнча активдүү аракеттерге шыктандырууга, алардын эмгектик потенциалдарынын ишке ашырылышына көмөк көрсөтүүгө багытталган бул токтомдун аткарылышы боюнча жер-жерлерде эл менен түшүндүрүү иштеринин активдүү жүргүзүлүшүн жана турмушка ашырылышын катуу көзөмөлдөө боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле чакан бизнес долбоорлорду тандоодо үй бүлөнүн жашоо шартынын абалына, ишти андан ары алып кетүү мүмкүнчүлүктөрүнө мониторинг жүргүзүүдө түзүлгөн комиссиялардын так, адилет иш алып баруулары зарыл экендигин баса белгиледи.

Маалымат үчүн: Бүгүнкү күндө облус боюнча 16 жашка чейинки жашы жете элек балдары бар 31 миң 949 үй бүлө жөлөк пул алышат. “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомдун негизинде айыл өкмөттөрүндө, райондо комиссиялар түзүлүп, каалоочу үй бүлөлөр чакан бизнес долбоорлорду даярдашып, комиссияларга тапшырып жатышат. Комиссиялар карап чыгып, макулдук берилген долбоорлор үчүн бир үй бүлөгө социалдык жардам катары 100 000 сом өлчөмүндө акча каражаты берилет. Облус боюнча жети райондун ар биринен 50 дөн үй бүлө тандалып алынат.

Связанный пост