Бишкек мэриясы гранттык каражатка курулуп жаткан жолдор менен тааныштырды

 Бишкек мэриясы гранттык каражатка курулуп жаткан жолдор менен тааныштырды

Мэр Эмилбек Абдыкадыров жетектеген Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү Кытайдан келген гранттык каражатка курулуп жаткан жолдор менен тааныштырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Турусбеков көчөсүндө Ташкент көчөсүнөн Боталиев көчөсүнө чейин оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Жолдун жалпы узундугу 2340 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы эки тарабында 1,5-2,25 метрди түзөт.

Панфилов көчөсүндө Медеров көчөсүнөн ЧЧКга чейин курулуш уланууда. Жолдун жалпы узундугу 780 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы эки тарабында 3,0 метрди түзөт.

Орозбеков көчөсүндө Түгөлбай-Ата көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин жаңыланууда. Жолдун жалпы узундугу 290 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 8 метр, тротуарлардын туурасы 1,5 метрди түзөт.

Кулатов көчөсүнүн Кара-Көл көчөсүнөн Байтик-Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да иштер уланууда. Жолдун жалпы узундугу 1400 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 9 метр, тротуарлардын туурасы ар бир жүрүүчү бөлүктүн эки тарабында 2,25-3,0 метрди түзөт.

Связанный пост