Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

 Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

Эртең, 2-августта Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 19:00гө чейин Керимбеков көчөсүндөгү эки турак жайдын суу түтүктөрүнө кошулганына жана диаметри 100 мм болгон авариялык суу түтүктү туташтырууга байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Ичүүчү суу Токтогул – Манас – Исанов – Пушкин көчөлөрү чектешкен аймакта токтотулат.

Өчүрүлүүгө тийиш болгон турак-жайлар: Киев көчөсү № 129,131,133, 135, 137, 137А, 59, 63А, 129/1, 131А, 131/1, Чүй проспектиси № 161, 158, 243, 245, Керимбеков көчөсү № 50,52, 57А, 57, 154, 56, Исанов көчөсү № 96,105/2, 105 Б.

Суу токтотула турган объектилер: Чүй проспектиси, 160 дарегиндеги БУУнун имараты, Керимбеков көчөсү, 51 №47 бала бакча, Киев көчөсүндөгү №7 КСМ, 154.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, мекеме-уюмдарды өз убагында ичүүчү суу камдап алууларын суранат.

Связанный пост