Дүйнөдө

11-августтан тарта Чеченстандан Кыргызстанга авиакаттам ачылат

11-августтан тарта Чеченстандан Кыргызстанга авиакаттам ачылат. Бул тууралуу «Урал авиалинии» компаниясы кабарлайт. Грозный – Бишкек – ​​Грозный багыты боюнча каттам 2022-жылдын 11-августунан тарта бейшемби күндөрү аткарылат. Грозныйдан учуу саат 21:00дө; Бишкектен учуу саат 19:25те.Читать далее

Саясат

Оштун мэри ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары менен жолугушту

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча Жогорку комиссары Кайрат Абдрахманов менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Мэр өз сөзүндө Кайрат Абдрахмановду жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ага улай көп улуттуу элдин ынтымагын жана биримдигин чыңдоо, “Кыргыз жараны” программасынын алкагында шаарда жүргүзүлүп жаткан иштерге жана […]Читать далее

Медицина

Кыргызстанда COVID-19га каршы 2,3 млн доза вакцина калды

Кыргызстанда COVID-19га каршы 2,3 млн доза вакцина калды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет. Жалпысынан Кыргызстанга COVID-19га каршы 6 млн 168 200 доза вакцина келген жана сатып алынган . Анын ичинен 3 млн 571 443 доза пайдаланылган. Жарактан чыгарылганы: 267 578 доза, калганы: 2 млн 329 179 доза. Алардын ичинен: Республикалык бюджеттен – 2 […]Читать далее

Коом

Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинде тротуар жаңыртылууда

 Бишкектин Биринчи май районунун аймагында тротуарларды оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, “Бишкекасфальтсвервис” муниципалдык ишканасы тарабынан Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуардын 300 метрге жакын бөлүгүндө асфальттын эски катмары алынып, ошол эле учурда геодезиялык изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Жаңы асфальттын негизин төшөө жана сугат иштерин уюштуруу иштери жүрүп […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды. Мындан тышкары, өлкө лидерлери регионалдык кызматташуу темасына да токтолушту. Мамлекет башчылары эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулаштыкты жана боордоштукту чыңдоого багытталган активдүү саясий […]Читать далее

Коом

Кыргыз эл акыны Вячеслав Шаповаловдун сөөгү “Түндүк” көрүстөнүнө коюлду

Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору, профессор, котормочу, адабият таануучу, этнокультуролог Вячеслав Шаповаловду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркум менен коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманов, маданият жана илим өкүлдөрү, туугандары катышты. Вячеслав […]Читать далее

Саясат

Президент ЕБнын КРдагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуар Ауэрди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров элчи, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэрди анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы элчини жылуу кабыл алып, акыркы 30 жыл ичинде Европа Биримдиги Кыргызстандын негизги ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын белгиледи. «Азыркы глобалдык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде биз дүйнөнүн жарык келечеги үчүн […]Читать далее

Коом

Төрөбаев: Тигүү жана текстиль фабрикаларын ишке киргизүүдө инвесторго максималдуу көмөк

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Балта шаарындагы электр техникалык оюнчук заводунун жана килем комбинатынын өндүрүш ишканаларында болду, анын базасында инвесторлор тигүү жана текстиль фабрикасын ачууну көздөп жатат. Бакыт Төрөбаев белгилегендей, президент тарабынан зарыл болгон учурда токтоп турган өндүрүштүк ишканаларды ишке киргизүү жана кайра түзүү боюнча так миллдет коюлган. «Кезинде Кара-Балта шаары өлкөнүн өнөр […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров президенттик кызматта турган 500 күн боюнча гезиттин атайын

“Кыргыз почтасы” ААК Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы жана 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарына арналган “Эл кызматында 500 күн” аталышындагы гезиттин атайын чыгарылышын аймактарга таркатууга киришти. Гезит жалпысынан 500 миң нускада “Учкун” ААК басмаканасында басылып чыкты (400 миңи мамлекеттик, 100 миңи расмий тилде). Атайын чыгарылыш үч республикалык гезит – “Эркин-Тоо”, “Кыргыз-Туусу” жана “Слово Кыргызстана” тарабынан […]Читать далее

Экономика

Быйыл унаа жолдорун оңдоого 7 млрд 582,3 млн сом каралган

2022-жылы унаа жолдорун оңдоого 7 млрд 582,3 млн сом каралган. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, жогорудагы сумманын ичинен “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2022-жылга 4 млрд 600 млн сом суммасында каражат каралган. “2022-жылдын алты айында жол тармагын каржылоонун жалпы суммасы 4 млрд 142,3 млн сомду түздү. […]Читать далее