Садыр Жапаров Москвада Жеңиш парадына катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты.

 

Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана роталар кирди.

 

Парадга мамлекеттердин лидерлери: Беларусь – Александр Лукашенко, Казакстан – Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан – Садыр Жапаров, Россия – Владимир Путин, Тажикстан – Эмомали Рахмон, Түркмөнстан – Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан – Шавкат Мирзиеевдер катышты.

 

Ошондой эле Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель, Лаостун Президенти Тхонглун Сисулит жана Гвинея-Бисаунун Президенти Сисоку Эмбалолор чакырылган.

 

Жеңиш парады аяктагандан кийин Мамлекет башчылары Россиянын Президенти Владимир Путин менен биргеликте Александр бакчасындагы Белгисиз Солдаттын мүрзөсүнө гүл коюу аземине катышты.

Связанный пост