Караколдо “KGtai – таланттарга старт 2022” фестиваль-сынагы жыйынтыкталды

 Караколдо “KGtai – таланттарга старт 2022” фестиваль-сынагы жыйынтыкталды

Каракол шаарында III Эл аралык жаш таланттардын “KGtai – таланттарга старт 2022” фестиваль-сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Каракалпакстан Автономиялуу Республикасынан 7 жаштан 16 жашка чейинки 200дөн ашык таланттуу балдар катышты.

Фестивалдын конкурстук программасына жеке аткаруучулар, топтор, вокал, хореография, аспаптык жанр боюнча күч сынашты.

Сынактын жыйынтыгы:

Вокал багыты ( жаш категориясы: 7-11 жаш)

Баш байге – Юлия Гаврилова, (Россия);

1-орун – Таубалды Нуржайна Биржановна, (Казакстан);

2-орун – Базарова Богдана (Өзбекстан) жана Баймырзаева Насыйкат, (Кыргызстан);

3-орун – Койкенов Аскар Тимурович, (Казакстан).

12-16 жаштар арасында:

1-орун – Нургазиева Рабия, (Кыргызстан);

2-орун – Алибаева Раяна, (Кыргызстан);

3-орун – Дюшембеков Дастан, (Кыргызстан);

Аспаптык багыт: (7-11 жаштар арасында)

Баш байге – Абылкасымов Нурбакыт, (Кыргызстан);

1-орун – Кумарбекова Тунук, (Кыргызстан);

2-орун – «Ариет» комузчулар ансамбли, (Кыргызстан);

3-орун – Куланбаева Муемина, (Кыргызстан).

12-16 жаштар арасында:

1-орун – Сейтнуров Магжан, (Казакстан);

2-орун – Жолдошбекова Чолпон, (Кыргызстан);

3-орун – Сотболдиева Мохларой, (Өзбекстан).

Хореография багыты: (7-11 жаш)

Баш байге – Жумамуратова Гүлнура, (Өзбекстан);

1-орун – «Айданек» ансамбли орто тобу, (Кыргызстан);

2-орун – «Көл-Бермети» ансамбли (Кыргызстан);

3-орун – «Жаш-Тилек» ансамбли кенже топ (2), (Кыргызстан).

12-16 жаш:

1-орун – «Жаш-Тилек» ансамбли орто тобу, (Кыргызстан):

2-орун – «Айданек» ансамбли улуу тобу, (Кыргызстан):

3-орун – «Жаш-Тилек» ансамбли улуу тобу, (Кыргызстан).

Белгилей кетсек, фестиваль КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосунда өтүп, КР эмгек синирген артисти Гүлнара Тойгонбаева жетектеген “Арт Булак” коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, КР президентинин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү жана Каракол шаарынын мэриясынын колдоосуна да ээ болду.

Связанный пост