Садыр Жапаров Армениянын президентине көңүл айтты

 Садыр Жапаров Армениянын президентине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Армения Республикасынын президенти Ваагн Хачатурянга “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Армения Республикасында “Сурмалу” соода борборундагы жарылуунун кесепетинен адамдар каза болуп, жабыркады жана имарат жайлар талкаланды деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыркагандардын тез арада айыгып кетүүсүн каалайм” – деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Связанный пост