Чыңгыз Эсенгул уулу менен Абдыганы Эркебаев “Кыргыз жараны” концепциясын аткарууну талкуулашты

 Чыңгыз Эсенгул уулу менен Абдыганы Эркебаев “Кыргыз жараны” концепциясын аткарууну талкуулашты

 Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда президенттин 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 39 жарлыгы менен бекитилген 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын аткаруунун алкагында кызматташуу талкууланды.

Мында “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу максатында министрлер кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 тескемеси менен бекитилген иш-чаралар планындагы тиешелүү пункттарды аткарууда биргелешип иш алып баруу макулдашылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан элинин ассамблеясынын курамына кирген 32 этностук бирикмелер менен биргелешип эл биримдигин бекемдөө жана маданий көп түрдүүлүктү даңазалоо багытында иш-чараларды өткөрүү белгиленди.

Связанный пост