Төрөбаев Азербайжандын президентин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды

 Төрөбаев Азербайжандын президентин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевди Баку шаарында Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуу Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жыйынына катышуу үчүн Баку шаарына жумушчу сапарынын алкагында өттү.

Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрелинде Азербайжанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады.

Эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кыл багыттары, анын ичинде соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, инвестициялык, соода-техникалык жана гуманитардык кызматташтыктын келечеги боюнча пикир алышуу орун алды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандвн президенти Ильхам Алиевге КР президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун жеткирип, Кыргызстанга каалаган ыңгайлуу учурда мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Связанный пост