Кара-Суу районунда суюк азот өндүрүүчү завод ишке кирди

 Кара-Суу районунда суюк азот өндүрүүчү завод ишке кирди

Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагында 2022-жылы 12-августында суюк азот өндүрүүчү завод ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба долбоолорун ишке ашыруу бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, суюк азот малды жасалма жол менен уруктандырууда колдонулат.

Жаңы ишкана суткасына 312 литр суюк азотун чыгара алат, ал түштүк аймактарды камтыйт.

Ал эми 2021-жылы сентябрда ушундай эле завод түндүк аймактар үчүн Чуй облусунун Байтик айыл аймагында ачылган. Анын өндүрүмдүүлүгү – суткасына 400 литр.

Белгилей кетсек, эки ишкана тең “Элита” айыл чарба малдарын жасалма уруктандыруу боюнча мамлекеттик асыл-тукум станциясына карайт. Инвестициянын жалпы көлөмү 450 миң долларын түздү.

Связанный пост