Бишкекте турак үй өрттөнүп, эки кыз жаракат алды

 Бишкекте турак үй өрттөнүп, эки кыз жаракат алды

Бишкекте үйдөн өрт чыгып, эки кыз жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунун Серпухов көчөсүндө жалпы аянты 120 чарчы метр жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн мансард чатыры, гипсакартон шыбы толугу менен күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 2009-жылы туулган Н.Т. көзүнөн жаракат алып, 2010-ж.ылы туулган К.С. түтүндүн жытына ууланган.

Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Анын ичинде Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Связанный пост