Кыргыз Корея дипломатиялык мамилесинин 30 жылдыгына карата майрамдык концерт уюштурулду

 Кыргыз Корея дипломатиялык мамилесинин 30 жылдыгына карата майрамдык концерт уюштурулду

9-сентябрында Корея Республикасынын Осан шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо жана Кыргыз Корея дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата гала-концерт уюштурулду. Ага КР Эл артисти Бек Борбиев, Өктөм Сапар уулу жана Кореядагы чыгармачыл бий жана вокалдык топтору катышты.

Иш-чаранын алкагында кореялык өнөктөштөрдү жана мекендештерди акысыз майрамдык концертке чакыруу уюштурулду. Элчи Аида Исмаилова куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн маанилүүлүгүн айтып, мекендештердин чет жердеги жетишкен ийгиликтерин белгилеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыразычылыгын белгилеп кетти.

Майрамдык концерттин конокторуна Кыргызстандын кооз жерлери тууралуу сүрөт көргөзмө уюштурулуп, Кыргызстанда өндүрүлгөн кургатылган мөмө-жемиштер, боорсоктор менен бал дегустацияга берилди.

Связанный пост