Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Монголиядагы расмий сапарынын алкагында аталган өлкөнүн Президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, байланыштарды бекемдөө багытындагы сунуш-пикирлер айтылды. Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз-монгол мамилелери акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп: «20 жылдан ашык убакыттан кийин былтыр мамлекеттик сапар уюштурулуп, Кыргыз Президенти […]Читать далее
Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчо кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 25-26-апрель күндөрү туруксуз аба ырайынын жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарга арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрдү жана дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүнү сунуштайт.Читать далее
Чолпон-Ата шаарындагы “Жетиген” базарынын — “Курорторг Жетиген” ААКсынын акционери жана ошол эле учурда директору болуп саналган Б.Л.Д. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматынан билдиришти. УКМК тарабынан “Курортторг Жетиген” ААКнын акционерлери жана жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз финансылык-экономикалык ишмердүүлүк фактылары аныкталды. Тактап айтканда, алар узак убакыт бою алган кирешелеринин реалдуу көлөмүн жашырып […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев «Глобалдык лидерлер: тынчтыкты жана адилеттикти куруу» аталышындагы
Бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо өтүп жаткан Трансалтай туруктуулук диалогунун расмий ачылышына катышты. Иш-чараны Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын Төрагасы Гомбожавын Занданшатар ачып, андан соң Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев сөз сүйлөдү. Өз баяндамасында климаттын өзгөрүшү, экономикалык туруксуздук жана социалдык теңсиздик өңдүү маселелерге токтолгон Нурланбек Шакиев аларды чечүү […]Читать далее
30-апрелге чейин салык органдары түн ортосуна чейин иштейт. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы маалымдады. Салык органдары салык декларациясын кабыл алуу боюнча натыйжалуу өнөктүктү жүргүзүү максатында 25-30-апрель күндөрү түн ортосуна чейин иштешет. Көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Салык кызматкерлери декларацияларды иш күндөрү жана дем алыш күндөрү да эртең мененки саат 09:00 дөн түнкү саат 00:00 […]Читать далее
Кыргызстандын аймагында 2024-жылдын башынан бери 3 мин 754 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖККБББ) билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен 65 мас айдоочу жол кырсыгына кабылып, андан 117 жаран ар кандай жаракаттарды алып, эки киши көз жумган. ЖККБББ мас абалында унаа башкарган айдоочулар бир жылдан […]Читать далее
Кыргызстан менен Азербайжандын Энергетика министрлери ортосунда энергетика тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Документке эки өлкөнүн энергетика министрлери Таалай Ибраев жана Шахвазов Парвиз Октай оглы кол койду. Меморандумдун негизги максаты — энергетика тармагындагы азербайжан-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүү, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизүү […]Читать далее
Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрү расмий ачылды, деп билдирет Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы. Салтанатттуу иш-чара Гейдар Алиев атындагы Маданий борборунун чоң залында өтүп, ага кыргыз искусствосунун мыкты үлгүлөрү тартууланды. Чоң концерттик программа өзгөчө форматта өттү. Ага: Улуттук “Манас” театрынын төкмө–акындары, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде, Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, анын күмбөзүнө гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы Гейдар Алиевдин өмүрлүк жары Зарифа Алиеванын да мүрзөсүнө гүл койду. Ошондой эле белгилүү мамлекеттик ишмер Азиз Алиев жана профессор Тамерлан Алиевдердин элеси эскерилип, алардын мүрзөлөрүнө гүл коюлду. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 24-апрелде, Баку шаарында улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылыш аземине катышты. Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Чыңгыз Айтматовдун эстелиги эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достуктун, бир туугандыктын жана биримдиктин символу экенин айтты. Ал Айтматовдун адабиятка жана улуттук өзгөчөлүккө кошкон салымын, анын чыгармачылыгы Кыргызстанда […]Читать далее