Чүй облусунун Аламүдүн районунда ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Такталгандай, 14-апрелде Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы “Восход” дачалык кооперативинде жайгашкан жеке менчик тилкесинин аймагынан жерге көмүлгөн желим баштык табылган. Баштыктын ичин текшерүүдө 9 мм калибрдеги 108 даана ок-дары, ошондой эле Макаров маркасындагы тапанчанын 2 компоненти (магазин 8 ок-дарысы, стволду […]Читать далее
Бонецкий лабораториясына 423 млн сом айып салынды. Алар пандемия маалында бааларды жогорулаткан. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Ведомство тарабынан лабораториялык изилдөө рыногунда КРнын “Атаандаштык жөнүндө” мыйзамды бузгандыгы үчүн “Интелмед” ЖЧКнан (Бонецкий лабораториясы) көрсөтүлгөн сумманы республикалык бюджетке төлөтүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Кызмат тарабынан жүргүзүлгөн талдоого ылайык,“Интелмед” ЖЧКсы өзгөчө кырдаал убагында […]Читать далее
2024-жылдын I кварталында чет элдик компаниялар Кыргызстандагы көрсөтүлгөн электрондук кызматтарга 188,9 миллион сом кошумча нарк салыгын төлөшкөн. Анын ичинен эң көп салыкты Meta – 69,1 млн сом, iHerb – 46,7 млн сом, Google – 32,2 млн сом, Apple – 19,1 млн сом, Amazon – 12,6 млн сом компаниялары төлөшкөн. Салык кызматы 2023-жылы бул […]Читать далее
Жер тилкелерин каттоодогу коррупциялык схемага бөгөт коюлду, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы. УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча каралган кылмыштын белгилери туралуу катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Повровск жана Люксембург айыл аймактарынын аймагындагы 11 гектар жер тилкелерине менчик укугун мыйзамсыз каттоо жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Вашингтон шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында америка-кыргыз соода палатасынын өкүлдөрү менен жолукту. “Кыргызстан – маданий мурастарга бай, жаратылыш ресурстарына жана стратегиялык географиялык абалга ээ өлкө. Биз чет өлкөлүк инвесторлор жана бизнес-коомчулуктар үчүн туруктуу жана ачык экономиканы түзүүгө умтулабыз”, – деген МинКаб […]Читать далее
Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун суу каптоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаарда жайгашкан ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо деген кабар түшкөн. Жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Маматкулов баштаган […]Читать далее
Бишкек – Ош унаа жолунун 426-чакырымында тоо боорунан таштар түшүп, жол бир тараптуу жабык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жеринде кызматкерлер жана тиешелүү техникалар иштеп жатат. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларды жанына керектүү шаймандарды алып жүрүү менен каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Дарманкул уулу Бакыт дискриминацияга каршы мыйзамдарды иштеп чыгууну БУУ АУЖКБ делегациясы менен талкуулады. Ал Кыргыз Республикасынын ар кандай категориядагы жарандардын укуктарын коргоо чаралары тууралуу маалымат берди. Министрлер Кабинети тарабынан 2022-2024-жылдарга гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук иш-аракеттер планы бекитилгени айтылды. Өткөн жылы өлкө БУУнун Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясынын […]Читать далее
Өлкөдө “Бахус” рейди жүрүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Ж.М. Джоробековдун тапшырмасы менен 2024-жылдын 3 айынын жыйынтыгында Баткен облусунун аймагында жол-унаа кырсыгынын өсүүсүн эске алып, ага карата чара көрүү үчүн коюлган тапшырмларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын борбордук аппаратынын кызматкерлери […]Читать далее
ОшМУнун клиникасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы жасалып баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ОшМУдагы иш сапары учурунда айтты. Алгачкы боор алмаштыруу операциясы Түркиянын Инөнү (İnönü) университетинин Тургут Озал атындагы клиникасынын дарыгерлери менен биргеликте жасалат. “Кыргызстанда адам органдарын алмаштыруу боюнча операцияга муктаж жарандардын саны жыл санап өсүп келет. Буга […]Читать далее