ЖКККББ: Өлкөдө “Бахус” рейди жүрүүдө

 ЖКККББ: Өлкөдө “Бахус” рейди жүрүүдө

Өлкөдө “Бахус” рейди жүрүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Ж.М. Джоробековдун тапшырмасы менен 2024-жылдын 3 айынын жыйынтыгында Баткен облусунун аймагында жол-унаа кырсыгынын өсүүсүн эске алып, ага карата чара көрүү үчүн коюлган тапшырмларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын борбордук аппаратынын кызматкерлери тарабынан Баткен облустук ЖККК бөлүктөрүнө жол кырсыктарын алдын алуу жана профилактикалык иштерди уюштуруу, ИИМдин башка кызматтары менен билим берүү мекемелери, тиешелүү жергиликтүү органдар менен биргелешкен иш-мерчемдерди аткаруу тартиби, жол шарттарын жакшыртуу багытында коюлган тапшырамалардын аткарылышы, ЖККК кызматкерлеринин арасында кызматтык билим деңгээлин жогорулатуу, автомобиль транспорту менен жүргүнчулөрдү ташуу ишмердүүлүгүн мыйзамдуулугун текшерүү жүргүзүү менен бирге тажрыйбалык жардам уюштурулду.

Жол-унаа кырсыктарына жасалган талдоонун журушундө түн ичинде , эс алуу күндорү жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуларга өзгөчө басым жасалып, ушул тапта жүруп жаткан “Бахус” рейддик иш-чарасы ЖКККББнын, Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү.

2024-жылдын 13-14 апрели рейддин журүшүндө Баткен шаарында 34 жол кыймылынын эрежесин бузуу тууралуу протокол толтурулса, 5 унаа кражаты унаа токтотуучу жайга токтотулуп, 2 мас абалда унаа каражатын башкарган айдоочулар кармалган.

Ал эми эс алуу жекшемби күнү Лейлек районунда 14-апрелинен 15-апрелине караган түнү жалпы 54 жол кыймылынын эрежесин бузуу боюнча протокол тузүлсө, 15 унаа каражаты унаа токтотуучу жайга токтотулуп, 10 мас абалда унаа каражатын башкарган, 1 транспорт каражатын алдыңкы айнектерин карангылатып башкарган айдоочуларга чара колдонулду.

Связанный пост