Маданият

Бакуда Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылат

Азербайжандын борбору Баку шаарында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги ачылат. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министри Джейхун Байрамов билдирди. Анын айтымына караганда, эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Азербайжандын кайчылар Маданият күндөрүнүн алкагында ачуу мерчемделген. Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусун пландалган.Читать далее

Коом

Бишкекте 2,5 миңден ашык милиционер коомдук коопсуздукту камсыздайт

Бишкекте Айт намаз учурунда 2 миң 500дөн ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Майрамдык намаз 10-апрелде борбор калаадагы мечиттерде окулат. Буга байланыштуу Жумабек көчөсүнүн Абдрахмановдон Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат. Милиция көрүлүп жаткан коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну […]Читать далее

Өкмөт

Акылбек Жапаров: Быйыл Кыргызстан менен Казакстан товар жүгүртүүнүн көлөмүн $2

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн быйыл 2 миллиард долларга жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров өлкөгө иш сапары менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов менен болгон жолугушууда билдирди. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында делегация башчыларынын кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрү өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик визит менен барат

Президент Садыр Жапаров Азербайжанга мамлекеттик визит менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Азербайжандын ТИМ башчысы Жейхун Байрамов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатып билдирди. Ал визит 2024-жылдын 24-25-апрелине пландалгандыгын айтты.Читать далее

Коом

Казакстандагы суу ташкыны: Кыргызстан жөнөткөн гумжардам 4 облуска бөлүндү

Суу ташкынынан жабыркаган коңшу Казакстанга Кыргызстан жөнөткөн гуманитардык жардам жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Күн мурун, 8-апрелде саат 22:15те келген кербенди жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тосуп алып, кыргыз куткаруучуларына ыраазычылык катын тапшырышты. Алар ошондой эле бир тууган кыргыз эли жардамга алгачкылардан кол сунганын билдирип, эки элдин бир туугандыгы, ынтымагы далилделери, мындан […]Читать далее

Өкмөт

Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келди. Олжас Бектеновду “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алды. Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновдун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү пландалууда. Анда […]Читать далее

Билим

Кыргызстанда дагы кыска мөөнөттүү төрт бала бакча ачылды

Кыргызстанда дагы кыска мөөнөттүү төр бала бакча ачылды, деп билдирет Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы. Бала бакчалардын үчөө Чүй облусунун Жайыл районунда, бирөө Москва районунда жайгашкан. Жайыл районундагы бакчалар балдар чыгармачылык үйүнүн жана балдар бакчаларынын базасындагы түзүлдү. Алардын бири 50 балага ылайыкталса, калган экөө 200 бөбөктү камтый алат. Билим берүү жана илим министрлиги […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Казакстан өкмөт башчылары Садыр Жапаровдун Казакстанга боло турчу

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жолугушуусу өтүүдө. Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Талкуунун негизги темасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга боло турчу расмий сапары болду. КР министрлер кабинетинин төрагасы Олжас Бектеновду Казакстандын премьер-министри болуп дайындалышы менен куттуктап, Бишкектеги […]Читать далее

Саясат

Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 18-19-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев билдирди. Анын айтымына караганда, визиттин алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйынын өткөрүшөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат. Андан тышкары, Садыр Жапаров Астанада Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышына жана пландалган бир катар иш-чараларга катышат.Читать далее

Маданият

Руслан Акундун “Бейиш эненин таманында” тасмасы Россиянын 60ка жакын шаарында

Режиссёр Руслан Акун тарткан “Бейиш эненин таманында” аттуу кыргыз тасмасы 11-апрелден тарта бүткүл Россияда кеңири прокатка чыгат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Тасма голливуд жылдыздарынын үнү менен орус тилине дубляждалган. Шаарлардын тизмеси: Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Хабаровск, Иркутск, Ногинск, Красноярск, Красногорск, Пенза, Пермь, Ульяновск, Набережные Челны, Симферополь, Оренбург, […]Читать далее