Чет элдик компаниялар электрондук кызматтарга 189 млн сом КНС төлөштү

 Чет элдик компаниялар электрондук кызматтарга 189 млн сом КНС төлөштү

2024-жылдын I кварталында чет элдик компаниялар Кыргызстандагы көрсөтүлгөн электрондук кызматтарга 188,9 миллион сом кошумча нарк салыгын төлөшкөн.

 

Анын ичинен эң көп салыкты Meta – 69,1 млн сом, iHerb – 46,7 млн сом, Google – 32,2 млн сом, Apple – 19,1 млн сом, Amazon – 12,6 млн сом компаниялары төлөшкөн.

 

Салык кызматы 2023-жылы бул салыктын түрү боюнча 438,1 млн сом чогултту.

 

Учурда салык кызматынын vat.salyk.kg сервисинде 57 чет элдик компаниялар катталган.

 

Эскерте кетсек, 2022-жылы Кыргыз Республикасынын колдонуучуларына электрондук кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдар үчүн “Google салыгы” киргизилген.

 

КНСтин ставкасы көрсөтүлгөн кызматтардын суммасынын 12% түзөт.

Связанный пост