Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун суу каптоодо

 Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун суу каптоодо

Жалал-Абадда нөшөрлөгөн жаандан улам турак жайлардын короосун суу каптоодо. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен шаарда жайгашкан ички арыктарга сел суулары толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптоодо деген кабар түшкөн.

 

Жерине Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси Маматкулов баштаган өздүк курам жана шаардык жарандык коргонуу кызматтары тартылып, сел сууларды мотопомпанынын жардамында сордуруп, коопсуз жайга алып чыгуу иштери жүрүүдө.

 

Кошумча маалымат берилет.

Связанный пост