Билим

12 жылдык мектептик билим берүү боюнча токтомдун долбоору коомдук талкууга

17-апрелде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында коомдук талкуулоо үчүн “Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоору жарыяланды. Токтом окуучулардын функционалдык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган, бул үчүн мектептик билим берүүнүн мазмуну жаңыланат. Долбоордо мектептик билим берүүнүн […]Читать далее

Коом

Ошто санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү

Ош шаарындагы М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү, деп билдирет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы. Иш-чарага жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана аймактагы активдүү жаштар катышты. Форумдун катышуучуларына бир катар маанилүү маалыматтар айтылды. Алардын ичинде: “Түндүк” мобилдик тиркемесин колдонуунун артыкчылыктары; булут электрондук кол тамганын маанилүүлүгү; өлкө аймактарын интернет менен […]Читать далее

Коом

1,5 миңге чукул КР жараны чет өлкөлөрдө жайгашкан түзөтүү мекемелеринде

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин соңку маалыматына ылайык, азыркы учурда Кыргызстандын 1452 жараны чет өлкөлөрдүн, анын ичинде 1167 жараныбыз Россия Федерациясынын 79 субъектисинде жайгашкан түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жатат. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын аткаруу максатында чет өлкөлөрдүн аймагында соттолгон 79 жараныбыз (Казакстан 5, Россия Федерациясынан 74) өткөрүлүп алынды, 42 жараныбызды алып келүү боюнча тийиштүү иштер […]Читать далее

Укук тартиби

2023-жылы прокуратура органдарынын 6 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган

2023-жылы прокуратура органдарынын 6 кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында депутаттарга отчет берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурда прокуратура органдарында мыйзам ченемдерин, мамлекет башчысы жана коом тарабынан коюлуп жаткан талаптарды жүзөгө ашыруу, коррупциялык көрүнүштөргө жол берген, мыйзамдарды бузган кызматкерлерден арылуу иштери күчөтүлүп, кызматтык тартипти камсыздоого тийиштүү чаралар көрүлүүдө. “Мунун […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров расмий сапары менен Казакстанга барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу боюнча 18-19-апрелде Казакстан Республикасына расмий сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «Президент Садыр Жапаров сапардын алкагында Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки жактуу кызматташтыктын бардык багыттары боюнча […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда өткөн жылы 317 аял жана 24 бала үй-бүлөлүк зомбулукка

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште депутаттарга отчет берип жатып өспүрүмдөрдү, аялдарды, майыптарды жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мамлекеттик деңгээлдеги актуалдуу маселелердин бири экенин белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы өлкөдө 2 958 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Жыл ичинде 317 аял, 24 бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, буга байланыштуу 378 кылмыш иши козголгон. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо […]Читать далее

Коом

Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду

Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу “Манас” аэропорту ААК басма сөз кызматы билдирет. Ал эми Абу-Даби шаарына уча турган каттам кармалууда. Учуу убактысы бүгүн саат 18:50гө жылдырылды. Учуулардын токтотулушу жана кармалышы Бириккен Араб Эмираттарындагы орун алган туруксуз аба ырайына, жаан-чачынга байланыштуу болууда.Читать далее

Аймак

Кыргызстанда 330 километрден ашуун чарба аралык канал оңдолду

Кыргызстанда 330 километрден ашуун чарба аралык канал оңдолду. Бул тууралуу КРнын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 2024-жылдын вегетация мезгилине даярдык көрүү максатында Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 336,0 км чарба аралык каналдардын оӊдоо жана механикалык тазалоо, 305 гидротехникалык курулмалардын, 118 суу өлчөөчү посттордун, 101 насостук […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкекте 180 миң сом пара талап кылган тергөөчү кармалды

Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБнин иликтөө кызматынын тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы менен кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында милициянын лейтенанты А.Э.А. 15-апрелде 180 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Аны атайын кызмат Ички иштер министрлигинин Ички чалгындоо […]Читать далее

Коом

Былтыр мыйзамсыз менчиктештирилген 21 соцобъект мамлекетке алынды

2023-жылы мыйзамсыз менчикке өтүп кеткен 21 социалдык объект жана аларга тиешелүү жерлер мамлекетке кайтарылган. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин жыйынында отчет берип жатып айтты. Зулушев белгилегендей, анын ичинде 9 бала бакча, 3 мектеп, 1 жогорку окуу жай, 1 дарыкана, 2 ФАП, 1 жатакана жана 1 ат майдан бар. Ошондой эле 2 мектеп […]Читать далее