БШК Баткен округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Бактияр Калпаев ЖК депутаты болду

 БШК Баткен округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Бактияр Калпаев ЖК депутаты болду

Борбордук шайлоо комиссиясы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

 

БШКдан билдиришкендей, шайлоо комиссиясы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону болуп өттү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алды жана № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Калпаев Бактияр Алиевичти КР Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп тааныды.

 

Белгиленгендей, добуш берүүнү уюштуруу үчүн 81 шайлоо участогу түзүлгөн. Шайлоочулардын тизмесине 112 379 шайлоочу киргизилген.

 

​№2 Баткен шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 10 талапкер катталган. Мөөнөтүнөн мурда шайлоого 10 талапкер катышты.

 

​Мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда 8 арыз жана даттануу түшкөн. ​Бардык келип түшкөн арыздар жана даттануулар каралды жана алар боюнча чечим кабыл алынып, КР мыйзамдарына ылайык жазуу жүзүндөгү жооптор берилди.

Баткен округдук шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 1-майындагы №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык, 2024-жылдын 28-апрелинде 28508 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул округ боюнча шайлоочулардын тизмесине киргендердин 25,30% түздү.

 

​Талапкерлер шайлоочулардлын төмөнкүдөй добуштарды алышты:

 

1. Салихов Кеңеш Каримович – 3698 добуш (12,9 %);

2. Мадалиев Асылбек Алтымышович – 3658 добуш (12,8 %);

3. Кожонов Замирбек Ырысбаевич – 3614 добуш(12,6 %);

4. Ойтемиров Махмуд Гиесович – 1848 добуш(6,4 %);

5. Раимкулов Аширбай Омурзакович – 869 гдобуш (3,0 %);

6. Нишанбаев Тургунбай – 377 добуш (1,3 %);

7. Калпаев Бактыяр Алиевич – 11830 добуш(41,4 %);

8. Каработоев Джалил Исакович – 1180 добуш (4,1 %);

9. Сатаров Акимали Сатыбалдыевич – 725 добуш (2,5 %);

10. Шадыманов Бакытбек Адылбекович – 398 добуш (1,4 %);

11. “Баарына каршы” позициясы үчүн 110 шайлоочу добуш беришти (0,4 %).

Связанный пост