Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду

 Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду

Бишкектен Дубай жана Шарджа шаарларына аба каттамдары токтотулду. Бул тууралуу “Манас” аэропорту ААК басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми Абу-Даби шаарына уча турган каттам кармалууда. Учуу убактысы бүгүн саат 18:50гө жылдырылды.

Учуулардын токтотулушу жана кармалышы Бириккен Араб Эмираттарындагы орун алган туруксуз аба ырайына, жаан-чачынга байланыштуу болууда.

Связанный пост