Кыргызстанда өткөн жылы 317 аял жана 24 бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган

 Кыргызстанда өткөн жылы 317 аял жана 24 бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңеште депутаттарга отчет берип жатып өспүрүмдөрдү, аялдарды, майыптарды жана улгайган адамдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мамлекеттик деңгээлдеги актуалдуу маселелердин бири экенин белгиледи.

Анын айтымында, өткөн жылы өлкөдө 2 958 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Жыл ичинде 317 аял, 24 бала үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, буга байланыштуу 378 кылмыш иши козголгон. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамга ылайык, ички иштер органдары тарабынан зомбулуктан жабыр тарткан жарандарга 11 миң 357 коргоо ордери берилген. Анын ичинен:

  • 11 миң 33 — аялдарга;
  • 198 — балдарга;
  • 126 — эркектерге берилген.

“Буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча статистиканын бирдиктүү системасы жок болгондуктан, бул маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан өз алдынча чогултулуп, туура жана так маалымат алуу кыйынчылык жаратып келген.

Бүгүнкү күндө Башкы прокуратуранын кылмыштардын бирдиктүү реестри системасы аркылуу үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу маалымат алууга жеткиликтүү шарт түзүлдү. Анда кылмышкерлердин саны, курагы, кылмыштын түрү, кайсы аймакта катталганы, айыпкердин кылмышка барган учурдагы абалы жана башкалар жөнүндө так маалымат алууга болот”, – деди ал.

Связанный пост