Саясат

Төрага Нурланбек Шакиев чек ара жаңжалында жабыркаган Баткендеги айылдарга барды

Бүгүн, 9-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Баткен облусуна иш сапары менен барды. Алгач Төрага чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында болуп, Капчыгай айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Алсак, аталган айылдагы үйлөр Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам жараксыз абалга келген. Учурда 40 тамдын пайдубалы түптөлсө, 20 үйдүн дубалдары тургузулуп, […]Читать далее

Маданият

Алтынбек Максутов II Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында “Эң мыкты

Бүгүн, 9- ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Түрк дүйнөсүнүн II Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында көрсөтүлгөн “Үй сатылат” (реж. Таалайбек Кулмендеев) толук метраждуу тасмасынын башкы каарманы Калипа Таштанова “Эң мыкты актриса” наамына ээ болушу менен куттуктап, кинофестивалдын статуэткасын тапшырды. Алтынбек Максутов мындай сыймык алып келген кыргыз киносунун ийгилиги […]Читать далее

Коом

Өспүрүмдүн жылкысын тартып алууга шектелип акын Болот Назаров кармалды

Москва районунда өспүрүмдүн жылкысын тартып алууга шектелип акын Болот Назаров кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 7-ноябрында милицияга Беловодское айылынын М.И. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында Чон-Арык айылында белгисиз эркек киши 14 жаштагы баласынын минип жүргөн жылкысын сүрөткө түшүп алайын деп сурап, андан соң балага карата күч колдонуп, жылкысын […]Читать далее

Саясат

Президенттин басма сөз катчысы Жапаров менен Ташиевдин айылдары гана өнүгүүдө

КР президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактарда тарап жаткан президент Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин туулуп-өскөн айылдары гана өнүгүүдө деген маалыматка комментарий берди. “Урматтуу достор, айрымдар “Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин айылдары эле өнүгүүдө” деген маанайдагы маалыматты чыгарууда. Ушуга байланыштуу 2020-жылдын октябрынан тартып өлкө боюнча курулган объектилер боюнча маалымат […]Читать далее

Маданият

2023-жыл жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыяланды

Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-Бурса шаарында ТУРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 39-жыйыны өттү. Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын Түркмөнстан ж.б. өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТУРК-ПА уюмунун катышуусунда болуп, анда 2023-жылы түрк дүйнөсүндө масштабдуу белгилене турган иш-чаралар талкууланып, Кыргызстандын атынан советтик кыргыз театр жана кино актрисасы СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкееванын 100 […]Читать далее

Саясат

Президент Садыр Жапаров Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун Саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Мамлекеттердин лидерлери Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат, 2022-2026-жылдарга ТМУнун Декларациясын жана Стратегиясын кабыл алышат. Иш-чаранын […]Читать далее

Коом

Таш-Көмүр шаарында УКМКнын бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 9-ноябрда Таш-Көмүр шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды. Маалыматка ылайык, ачылуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилери, өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Белгиленгендей, жаңы имаратта атайын кызматтын кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн. “Өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан мамлекетти кубаттуу өлкөгө айлантуу, мыйзам үстөмдүгүн […]Читать далее

Маданият

Бүгүн Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындар айтышы өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры, Республикалык “Айтыш” коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонду менен биргеликте КР Президентинин «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыгынын алкагында, Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата, «Айтыш – 2022» Республикалык төкмө акындар айтышын өткөрөт. Айтыштын жарым […]Читать далее

Коом

10-ноябрда Бишкектеги үч конушта суу өчүрүлөт

“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 10-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарына таза суу берүү токтотулат. «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүү пландаштырылууда. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.Читать далее

Коом

Улуттук банк алдамчылардан сак болууга чакырат

Акыркы убакта алдамчылар өздөрүн Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын кызматкерлери катары тааныштырып, телефон чалуулар жана мессенджерлер аркылуу акча которууну ырастоону суранып, жарандардын жеке маалыматын алууга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет. Мындай жол менен жарандар акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар. “Эч качан жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук […]Читать далее