Алтынбек Максутов II Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында “Эң мыкты актриса” наамына ээ болгон Калипа Таштанованы кабыл алды

 Алтынбек Максутов II Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында “Эң мыкты актриса” наамына ээ болгон Калипа Таштанованы кабыл алды
Бүгүн, 9- ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Түрк дүйнөсүнүн II Эл аралык “Коркут Ата” кинофестивалында көрсөтүлгөн “Үй сатылат” (реж. Таалайбек Кулмендеев) толук метраждуу тасмасынын башкы каарманы Калипа Таштанова “Эң мыкты актриса” наамына ээ болушу менен куттуктап, кинофестивалдын статуэткасын тапшырды.
Алтынбек Максутов мындай сыймык алып келген кыргыз киносунун ийгилиги таланттуу чыгармачыл жаштарга мыкты мотивация берип, кинофестиваль жалпы түрк дүйнөсүнүн киночуларынын башын бириктирген мыкты аянтчага айланып жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле Алтынбек Максутов Калипа Таштановага чыгармачылык ийгилик каалап, учурда кандай иштер менен алектенип жатканынан кабар алды.
Өз кезегинде, жолугушууга келген Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын директору Акжол Бекболотов жана Калипа Таштанова министр Алтынбек Максутовго мындай жылуу кабыл алуусуна ыраазычылык билдиришти.
Эске салсак, аталган кинофестивалга жалпы 17 мамлекеттен киночулар катышып, отузга жакын толук метраждуу жана документалдуу фильмдер сынакка ат салышкан.
Фестивалдын калыстар тобуна Кыргызстандан белгилүү кино режиссер Темир Бирназаров кирген.

Связанный пост